Еврокомиссия 150 миллиард евролук коргонуу фондун түзүүнү сунуштай турганын анын төрайымы Урсула фон дер Лейен 4-мартта Брюсселде сүйлөп жатып билдирди.
Ал Украинадагы согуш жана АКШнын саясатындагы өзгөрүүлөрдүн фонунда Евробиримдикте коргонууну күчтөндүрүү үчүн сунуштай турган бир катар чараларды жарыялады.
"Европа коргонууга кеткен чыгымдарды кескин түрдө көбөйтүүгө даяр. Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер жана Украинаны колдоо, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн дагы бир топ жоопкерчиликти алышыбыз керек”, - деди ал.
Евробиримдикти кайра куралдандыруу планы жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралардын бюджети жалпы жонунан 800 миллиард еврого бааланууда. Анын 150 миллиард евросу насыяга алынып, Украина үчүн курал-жарак сатып алуу жана абадан коргонуу системаларын, ракеталарды жана ок-дарыларды, дрон жана алардан коргонуу каражаттарын чыгарууга жумшалат. Бул жалпы европалык фонд болот деп болжолдонууда.
Калган 650 миллиарды европалык инвестициялык банктын каражаттарынан, жеке инвесторлордон жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ИДПсынын эсебинен алынары айтылды. Еврокомиссия шаркетке мүчө өлкөлөрдүн аймактарды өнүктүрүүгө бөлгөн каражатын коргонууга колдонууга уруксат берүүнү сунуштап жатат.
Маалыматка караганда, бул план 6-мартта Евробиримдиктин чукул саммитинде талкууланат. Буга чейин Киевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп келген Венгрия менен Словакия Украинага аскердик жардамды көбөйтүү сунуштарын колдобой турганын ачык айтышкан.
Politico жазгандай Будапешттин позициясынан улам Евробиримдик Киевге 20 миллиард евролук аскердик жардам көрсөтүү боюнча ишин токтоткон. Ошол эле маалда басылма өздүк булактарына таянып, коргонуу чыгымдарын көбөйтүү Украинага кеңейтилген жардамды камтыбаса, Венгрия буга макул болушу мүмкүн экендигин жазды.
4-мартта бир катар басылмалар АКШ президенти Дональд Трамп Украинага көрсөтүлүп жаткан бардык аскердик жардамды токтото турууну чечкенин жазып чыгышты.
Сөз жардамды таптакыр токтотуп коюу эмес, убактылуу тыныгуу тууралуу болуп жатканын Bloomberg жана Fox News кабарлады.
3-мартта Трамп өзүнүн TruthSocial социалдык түйүнүнө украин президенти Владимир Зеленскийдин Орусия менен согуштун аякташы узакка созулат деп айтканы тууралуу Associated Press агенттигинин кабарын жарыялап, "Бул Зеленскийдин эң начар билдирүүсү болду, эми Америка мындайга чыдап отурбайт!" деп жазган.
Убактылуу токтотулган аскердик жардамдын көлөмү боюнча азырынча маалымат жок.
Украина АКШдан аскердик жардамды үч жол менен алат - америкалык президент кампадагы курал-жаракты жаңылаганда ага чейинкисин Украинага берет, же Пентагон Украина үчүн атайын буюртма берип курал-жарак жасатат, же Украина Вашингтон берген акчага Америкадан курал сатып алат. (AiA)
Шерине