Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Мангеймде машина топ адамды сүзүп, кеминде бир киши каза болду


Мангеймдеги окуя болгон жер. Германия, 3-март 2025-жыл
Мангеймдеги окуя болгон жер. Германия, 3-март 2025-жыл

Германиянын түштүк-батышындагы Мангейм шаарында машина топ адамды сүзүп кеткенде кеминде бир киши каза болду жана бир нечеси жараат алды. Полиция шектүү кармалганын билдирди.

DPA агенттиги кабарлагандай, окуя шаардын борборундагы Paradeplatz аянтында болду. Полициянын басма сөз катчысы элге ал жерге барбай турууну эскертти.

Биринчи болуп окуя жөнүндө Mannheimer Morgen деген жергиликтүү гезит жазган. Маалыматка караганда, катуу бараткан жеңил машина көчөдөгү кишилерди тебелетип кеткен.

Рейтер агенттиги полицияга шилтеме менен бир кишинин набыт болгонун, бир шектүү кармалганын билдирди. Бирок анын окуяга тиешеси бар-жогу бүдөмүк калууда.

Bild гезити эки киши кайтыш болгонун, 24 адам жараат алганын жазды. DPA тараткан маалымат боюнча шаардагы клиника чукул кырдаалда иштеп жатат.

Тартип коргоочулар окуяны теракт же кырсык деп сыпаттаганы азырынча белгисиз.

"Рейтер" агенттиги ушу тапта Германияда карнавалдар башталып, иш-чаралар өтуп жатканын белгилейт.

Германияда акыркы айларда бул өңдүү бир нече окуя болгон.

Февралда Мүнхенде машина топ адамды сүзгөндө эне-бала өлгөн. Полиция аны теракт катары териштирген. Былтыр декабрда Рождество жарманкеси маалында Магдебургда ушундай трагедия беш кишинин өмүрүн алган, 200гө жакыны жабыркаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG