Пакистандын Балужистан аймагында жанкечти аялдын жардыруусунан жарым-жартылай аскердик кошуундун мүчөсү мерт кетти, төрт киши жараланды. Бул тууралуу 3-мартта провинциянын бийлиги билдирди.
Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.
Балужистанда бир нече козголоңчу этностук топ борбордук өкмөткө каршы күрөшүп келатат. Алардын көз карашында, жакырчылык өкүм сүргөн аймактагы газ жана башка табигый ресурстар калыс бөлүштүрүлгөн эмес.
Былтыр августта жикчил согушкерлер полициянын бөлүмүнө, темир жолго, кан жолдорго кол салып, күч органдары жооп кайтарганда, кеминде 73 киши өлгөн.
Ал арада Ооганстан менен Пакистандын армиялары 3-мартка караган түнү чек арада атышканы кабарланды. Каза болгондор тууралуу маалымат чыккан жок.
Торхам өткөөлү эки кошунанын талашынан улам 11 күндөн бери жабык турат. Пакистан Ооганстандын ал жерде жаңы чек ара постун курганына каршы болууда.
Пакистандын атын атабаган расмий өкүлү талибдердин коопсуздук күчтөрү дүйшөмбүдө эртең менен жок жерден ок чыгарганын "Рейтер" агенттигине билдирди. Анын айтымында, пакистандыктар да жооп кайтарган.
Кабулдагы “Талибан” өкмөтү комментарий берген жок.
Бирок Нангархар провинциясынын расмий өкүлү пакистандыктар Ооганстандын аймагындагы курулушта жүргөн чек ара полициясына чабуул койгонун айыптады.
Торхам өткөөлүнүн эки тарабында тең оор жана жеңил машиналардын узун кезеги тизилип турат.
Шерине