Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:58

Мамлекеттик ипотека: Турак жай баасы 650 доллардан 1400 долларга чейин бааланууда


Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жети турак жайы. Бишкек
Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жети турак жайы. Бишкек

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин орун басары Тилек Жээмбаев Кыргызстанда жарандарга берилип жаткан ипотекалык турак жайлардын чарчы метри 650 доллардан 1400 долларга чейин бааланарын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“1400 доллар Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр дарегинде жайгашкан “Ынтымак” турак жай комплексиндеги баа. Чарчы метри 1400 доллар болгон үйлөр толук бүткөрүп берилет. Эгерде салыштырсак, ошол эле даректе жеке курулуш компаниялары толук бүтпөгөн үйлөрдү чарчы метрин 1700 доллардан жогору сатып жатышат”, - деди ал.

Анын сөзүнө караганда, “Ынтымак” турак жай комплексинде курулган үйдүн 50% “Социалдык ипотека” багыты боюнча бир чарчы метри 650 доллардан берилет. Ал эми калганын баштапкы 50% каражатын төккөндөр 1400 доллардан алат. Айрым депутаттар буга нааразычылыгын билдиришти.

“Силер жетимге жем таштагандай кылып жарандарга аз эле үйдү берип, мамлекеттик бизнес кылып атасыңар. Анда бюджеттен акча албай эле иштей бергиле да. Биз бюджеттик каражатка ооруканаларга жабдык алып берели. Силер бизнес жасап улап кете бергиле. Сиз андай болсо мындай маалыматты айтпашыңыз керек. Жетекчи айткандан кийин жооп бериш керек же ичиңерде кармагыла. Кезекте тургандар албай эле 50% төлөгөндөр алып кетип туура эмес пикир болуп жатат. Анда жеңилдик кайда калат?” - деди депутат Надира Нарматова.

Тилек Жээмбаевдин сөзүнө ылайык, ушул тапта Кыргызстан боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында 62 миң батирдин курулушу жүрүп жатат.

Январь айындагы маалымат боюнча, өлкөдө 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.

Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG