Кыргызстанда 1-мартта Орозо айы башталды. 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закиров өлкөдөгү мусулмандарды Орозо айы менен куттуктап, элди ынтымактуу болууга үндөдү.
Муфтий Орозо айындагы ооз ачырууларда ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды.
“Ысырапты бир гана ооз ачыруу маалында эмес, дегеле өмүрүбүздү ысырап менен өткөрүүгө жол бербешибиз керек. Убакытты бекер текке кетирбей, аш-тойлордо да ашыкча ысырап кылбай, ар бир ырыскыны туура баалап, сарамжалдуу колдонолу. Ыйык Рамазан – ашыкча ысырап эмес, жөнөкөйлүк жана ыраазычылыктын айы”, - деди муфтий.
Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Парламент депутаттары Кыргызстанда каада-салт, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө, маркумду узатууда ысырапкорчулукка чек коюуну сунуштап, мыйзам долбоорун алып чыгышты. (TSh)
Шерине