Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Медиа: Трамп англис тилин АКШда расмий тил кылуу тууралуу буйрукка кол коет


Вашингтондогу Ак үй
Вашингтондогу Ак үй

Президент Дональд Трамп англисчени АКШда расмий тил кылуу тууралуу буйрукка кол коет. Тарыхта биринчи жолу күтүлүп жаткан андай кадам тууралуу жума күнү Ак үйдүн расмий өкүлү билдирди.

Рейтер агенттигинин жазганына караганда, документке качан кол коюлары белгисиз. Буга чейин тиешелүү буйрук жөнүндө Wall Street Journal жазган.

АКШда федералдык деңгээлде расмий тил жеген түшүнүк жок болгону менен айрым штаттар англисчени расмий тил деп белгилеген.

Рейтер маалымдагандай, биринчи президенттик шайлоо кампаниясы учурунда Трамп партиялаш атаандашы Жеб Бушту башка тилде үгүт жүргүзгөнү үчүн сындаган.

Wall Street Journal мамлекет башчынын буйругу демократ-президент Билл Клинтондун агенттиктер жана федералдык каражат алган мекемелер англисче сүйлөбөгөн адамдарга жардам бериши керек деген талабын жокко чыгара турганын жазды.

Англис тилин расмий кылууну жактаган ProEnglish тобунун маалыматына ылайык, 32 штат англисчени расмий тил кылып жарыялаган.

Тил маселеси айрым штаттарда олуттуу маселеге айланган. Техаста испан тилин колдонуу көп жылдан бери талаш-тартыш жаратып келатат. 2011-жылы ал штаттан шайланган сенатор иммигранттардын укуктарын жактаган активисттен мыйзам чыгаруучу органда эне тили болгон испанча эмес, англисче сүйлөөнү талап кылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG