Президент Садыр Жапаров парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө коомдук талкууга чыккан жаңы мыйзам боюнча айтылып жаткан ар кандай пикирлерге байланыштуу комментарий берди.
Мамлекет башчы "Кабар" мамлекеттик агенттигине курган кезектеги маегинде сунуштаган долбоор кыргыз элине туура келерин белгиледи. Жапаров Кыргызстан буга чейин башкаруу системасынын бардык түрүн көрүп, көпчүлүгү "тыштан таңууланганын" айтты.
"Ушул долбоор кыргыз элине туура келген долбоор. Ушул система элдин колуна шайлоо укугун накта толук бере турган система болот. Эл өздөрү шайлаган талапкер үчүн нааразы болсо да өздөрүнүн моюнунда болот", - деген Жапаров.
Мамлекет башчы ушул системаны 2020-жылы конституциялык реформага киргизсе болмоктугун, ал учурда "тышкы күчтөрдүн таасиринде жүргөн саясатчылар көптүк кылып, каршы чыгышканын" айткан. Жапаров Кыргызстандын эли да, саясатчылар да партиялык системага даяр эмес экенин, алдыңкы орундар сатылып, саясий бизнеске айланганын айтты.
"Азыр ушул саясий коррупцияны жок кылганы жатабыз. Балким 40-50 жылдан кийин биздин элибиз менен саясатчыларыбыз даяр болуп калса, андан кийин партиялык башкаруу системасына өтүшүбүз толук мүмкүн. Бирок азырынча депутаттар сунуштап жаткан система биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келет. Парламент шайлоочулар алдында жооптуу болот",- деген ал.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору февралдын ортосунда коомдук талкууга коюлду.
Сунушталган долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет.
Өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат.
Талапкерлер бирдей добуш алган учурда документтердин толук топтомун эрте берген талапкер жеңди деп эсептелет. Документке ылайык, аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алганы шайланды деп таанылат.
Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.
Кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мыйзам боюнча айтылып жаткан пикирлерге байланыштуу комментарий берип, долбоор президент менен макулдашылганын айтып, кезексиз шайлоо өтпөй турганын белгилеген.
2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум аркылуу президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кыйла азайган.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизмеде пропорционалдык тутум менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланган. (КЕ)
Шерине