АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган тажикстандык жаран 26-февралда "Ислам мамлекети" террордук тобу жана анын Борбор Азиядагы "Вилаят Хорасан" деп аталган бөлүмү менен байланышы бар деген айып менен кармалды. Маалыматка караганда, Мансури Манучехр Түркия менен Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал уюмунун тарапташтарына ондогон миң доллар жөнөткөн.
Мансури мыйзамсыз ок атуучу курал сактоо жана иммиграциялык алдамчылык боюнча да айыпталууда. Федералдык иликтөө бюросунун (FBI) маалыматына ылайык, ал 2016-жылдын июнь айында АКШга туристтик виза менен кирип, декабрь айында визасынын мөөнөтү бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпай калып калган.
АКШнын Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы анын жакын туугандарынын бири полицияга кайрылып, Мансури теракт жасашы мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле, ал акыркы жылдары радикалдашып, жихадды ачык колдоп сүйлөй баштаганын кабарлаган. 33 жаштагы Мансури Манучехр жүк ташуучу унаа айдап, жан багып жүргөн.
Тергөө аныктамасында 2021-жылдын декабрынан 2023-жылдын апрелине чейин Мансур Түркия жана Сириядагы "Ислам мамлекети" менен байланышы бар адамдарга болжол менен 70 миң доллар жөнөткөнү көрсөтүлгөн.
Тергөө ошондой эле Мансур экстремисттик материалдарды сактаганын жана террорчуларды даңазалаганын аныктады.
Ал 2017-жылы Нью-Йоркто теракт уюштурган Сайфулло Саиповду мактап, "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин үгүт-насааттарын сактаган. Анын электрондук архивинде орус жана тажик тилдеринде көптөгөн материалдар табылган.
Эгерде Мансури Манучехр күнөөлүү деп табылса, 45 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Тажик жараны АКШда кармалганы туура расмий Дүйшөмбү маалымат бере элек.
2024-жылдын жай айларында АКШда "Ислам мамлекети" радикал уюму менен байланышы бар деп шектелген сегиз тажикстандык кармалган.
2023-2024-жылдары Германия, Австрия, Албания жана Түркия да бир нече тажик жаранын террордук топко байланышы бар деген шек менен кармаган.
"Вилаят Хорасан" тобу 2024-жылдын март айында Москвадагы теракт үчүн жоопкерчилик алганын жарыялаган.
Шерине