Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Ооганстан: Бир жылда 500 миңдей киши табият кырсыктарынан улам жер которууга аргасыз болду


Ооганстанда суу ташкындан жабыркаган үй-бүлө.
Ооганстанда суу ташкындан жабыркаган үй-бүлө.

Ооганстанда 2024-жылы табият кырсыктарынан улам жарым миллионго жакын адам жер которгон. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюмунун 27-февралда жарыяланган соңку баяндамасында белгиленди.

"Акыркы 12 айдын ичинде климаттык кырсыктар тогуз миллионго жакын адамга таасирин тийгизди. Сел, кургакчылык жана башка табигый кырсыктар 500 миңден ашуун адамды үйүн таштап кетүүгө мажбурлады", – деп жазылган уюмдун баяндамасында.

Маалыматка караганда, өзгөчө Герат жана Фарах облустары катуу жабыркаган.

"Бул жума ичинде эле Фарах облусунда жана Ооганстандын түштүк-батыш тарабындагы башка аймактарда сел, мөндүр жана шамалдын кесепетинен 39 адам каза болду", – деп билдиришти жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, кургакчылык, сел, жердин кунары качып, айыл чарбанын начарлашы – өлкөдөгү башкы коркунучтардын бири.

2023-жылдын май айында жүргөн катуу сел жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жана айдоо жерлерин каптап кеткен.

Өлкө калкынын 80% айыл чарба менен күн көргөндүктөн мындай кырсыктар алардын жашоосуна олуттуу таасир этет.

"Келечекте Ооганстанда 11 миллиондон ашуун адам климат кырсыктарынын оор кесепеттерине туш болушу мүмкүн", – деп билдирди Эл аралык миграция уюму.

Шерине

XS
SM
MD
LG