Орусиянын оппозициялык саясатчысы Борис Немцов өлтүрүлгөнүнө 27-февралда туура 10 жыл болду. Ал 2015-жылы ушул күнү Москвадагы Чоң Москворецкий көпүрөсүндө атып өлтүрүлгөн.
Бейшемби таңда ыктыярчылар көпүрөдөгү Немцовдун элесине арналган элдик мемориалды калыбына келтирип, саясатчынын сүрөттөрүн жана гүлчамбарларды коюшту.
Гүл коюу үчүн келгендерге полиция узак турбоону эскертип жатканын RusNews агенттиги кабарлады. Ал жерге АКШ, Франция, Италия жана Германия элчилери да барып гүл коюшту.
Акыркы 10 жыл ичинде Немцовду эскерүү акциялары Орусиянын көптөгөн шаарларында жана чет өлкөлөрдө өтүп келет.
Орусияда адегенде COVID-19 пандемиясына, кийин Украинадагы согушка байланыштуу жапырт акцияларды өткөрүүгө чектөө киргизилген. Мындан улам эскерүү иш-чаралары көбүнчө саясий куугунтук курмандыктарына коюлган эстеликтерге гүл коюу форматында гана өтүп келет.
2017-жылы Борис Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча сот иши каралып, теги чеченстандык беш адам узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Алардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар. Айыпталгандардын бирөө да күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Немцовдун өлтүрүлүшүнө ким буйрук бергени азыркыга чейин аныктала элек. Маркумдун жакындары жана үзөңгүлөштөрү тергөөнүн жүрүшүн катуу сындашкан. Көпчүлүгү бул кылмышка Чеченстандын же Орусиянын жетекчилигинин тиешеси бар деп эсептешет.
Шерине