Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

27-февраль: ЖК комитеттери чек ара келишимдерин жактырды, Израил жана ХАМАС айырбаштоо жараянын жүргүздү


Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди кароо учуру. 27.02.2025
Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди кароо учуру. 27.02.2025

27-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт:

Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши боюнча маалымат берилди

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо Ворух анклавынын айланасынан Кыргызстандын аймагына тийиштүү болгон 1 000 гектар жайыт жер берилди. Анын ордуна Кыргызстан Чоң-Алайдагы Караган-Сай жайытынан 1 000 гектар жер алды. Бул тууралуу 27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) башчысы, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын тең төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди. Ташиев Лейлек жана Баткен райондорундагы 190 гектар жер тилкеси Тажикстанга берилип, алардын 195 гектар жери Кыргызстанга алынганын айтып, анын ичинде сугат каналдары, автоунаа жүрүүчү жана башка жолдор да алмашылганын кошумчалады. Головной тилкеси боюнча андагы үч люктун 1,5ы - үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо өлчөмдөгү жер тилкеси 1,5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнү айтылды. Кыргызстандын Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдалана ала тургандай болууда. Эми документтер эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюшу керек.

ХАМАС менен Израил ортосунда кезектеги айырбаштоо жараяны өттү

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган)египеттик ортомчулардын жардамы менен төрт туткундун сөөгүн Израил тарапка өткөрүп берди. Ал эми Израил түрмөлөрүнөн 620 палестинди бошотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Израил өткөн ишембиде ХАМАС маркумдардын сөөгүн шаан-шөкөт, кол чабуу менен өткөрүп бергени үчүн түрмөлөрүндөгү палестиндерди бошотуудан баш тарткан эле. Хамасчылардын мындай аракетин Бириккен Улуттар Уюму да сынга алган. Мындан улам 27-февралга караган түнү ХАМАС туткундардын сөөгүн тынч гана өткөрүп берди. Израилдин президенти Ицхак Герцог X социалдык тармагында маркумдар Цахи Идан, Ицхак Элгарат, Охад Яхаломи жана Шломо Манцур экенин ырастады. Алардын баары 2023-жылдын 7-октябрында Газага жакын жайгашкан кибуцтардагы (конуштардагы) үйлөрүнөн барымтага алынган.

USAID уюмунун жардамы 90% токтотулду

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу чет өлкөлөргө көрсөтүлүп келген жардамдын 90% ашыгын токтотту. Бул тууралуу "Ассошиейтед пресс" агенттиги журналисттеринин колуна тийген документтерге таянып жазды Администрация жарыялаган бул кыскартуулардан кийин USAID'дин саналуу гана долбоорлорун калтырат. Учурда бул долбоорлорду сактап калууга аракет кылып жаткан тараптар соттошууда. АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка таянсак, быйылкы жылга Кыргызстан үчүн USAIDден жалпысынан 39,6 миллион доллар суралганы жазылып турат.

АКШ менен Орусия элчиликтеринин иши боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

Түркиянын Стамбул шаарында АКШ менен Орусиянын бири-бириндеги элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Reuters агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө таянып "күн тартибинде кадр маселелери, виза, дипломатиялык банк операциялары жана башка уюштуруу маселелери бардыгын" жазды. Бул жолку жолугушууда Украина боюнча талкуу болбойт, ошондой эле саясат жана коопсуздук маселелери каралбайт. Дипломатиялык алакаларды жөнгө келтирип, элчиликтердин кыскартылган кызматкерлеринин санын кайра калыбына келтирүү боюнча алгач 18-февралда Эр-Риядда өткөн эки тараптуу жолугушууда сөз болгон. 2016-жылдан бери эки тарап бири-биринин жүздөгөн дипломаттарын чыгарып салган.

Кыргызстанда дагы бир өспүрүм өз жанын кыйганы кабарланды

26-февралда Түп районунун ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Түп айылынын 2012-жылы туулган өспүрүм өз үйүнүн жанындагы уй сарайында асынып алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Кыргызстандабир айда ушуну менен тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болду. Алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атоодо, үчөө курбуларынын зомбулугунан көз жумганы айтылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG