Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Ташиев Ворух анклавынын айланасындагы маселе кандай чечилгенин айтты


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо кошуна өлкөнүн суранычы менен Ворух анклавынын айланасынан Кыргызстандын аймагына тийиштүү болгон 1 000 гектар жайыт жер берилди. Анын ордуна Кыргызстан Чоң-Алайдагы Караган-Сай жайытынан 1 000 гектар жер алды. Бул тууралуу бүгүн 27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын тең төрагасы Камчыбек Ташиев Ворух анклавынын айланасындагы жерлерге байланыштуу маселе кандайча чечилгени тууралуу Жогорку Кеңештин беш комитетинин жыйынында билдирди.

"Ворух анклавында тажик тарап 1991-жылга карата 19 000 гектар жер пайдаланып жүргөн. Көптөгөн катаал сүйлөшүүлөрдүн негизинде 14 500 гектарга чейин жер калтырдык аларга. 19 000 гектар жер пайдаланып жүрүштү эле, билесиздер, тоолорго чыгып, Ворухтун чек арасынан өтүп, ээлеп алышкан. Ал жакка биздин адамдар бара алган эмес. Муну сүйлөшүү үчүн өтө оор жолугушуулар болду. Ошол 19 000 гектарды 14 500 гектарга чейин түшүрө алдык. Андан сырткары, Ворух анклавынын айланасынан тажик тараптын суранычы боюнча 1 000 гектар жайыт жер берилди. Анын ордуна Чоң-Алай районуна Караган-Сай участогунан тажик тараптан 1 000 гектар жайыт жер алынды. Билесиздер, тажик тарап бизден “Ворухта адамдар көбөйүп кетти, чек ара аныкталгандан кийин андан ары мурдагыдай пайдалана албайбыз, ошондуктан малыбызды бакканга ушул жерден бергиле” деп 5 000 гектар жер сураган. Биз “Ворухтун тегерегинен 5 000 гектар бере албайбыз, анда Ворух өтө эле чоңоюп кетет” деп 1 000 гектар жер бердик. Малын бакканга жайыт жер бердик. Бирок ошол 1 000 гектарды кайра Караган-Сай деген жерден жайыт кылып алдык. Мурда алар вагон коюп алып, ызы-чуу болгон жерден 300 гектар жерди кайрадан алдык", - деди Ташиев.

УКМК башчысы Караган-Сайга алып баруучу көпүрө мурда тажик тарапка өтүп кеткенин, Кыргызстан ал тарапка жаңы көпүрө салууга даярданып жатканын, эми ал көпүрө менен жайлоо Кыргызстан тарапта калганын, ал аркылуу эл жайлоого каттай аларын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин беш комитетинин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору жактырылды. 27-февралдагы жыйынга парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук комитетинин, Конституциялык мыйзамдар комитетинин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жана Транспорт боюнча комитетинин мүчөлөрү катышты.

Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берген соң депутаттар долбоорлорду талкуусуз эле жактырышты. Бул документтерге каршы добуш берген депутаттар болгон жок.

Ташиев чек ара маселесин чечүүдө Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы 190 гектар жер тилкеси Тажикстанга берилип, алардын 195 гектар жери Кыргызстанга алынганын айтып, анын ичинде сугат каналдары, автоунаа жүрүүчү жана башка жолдор да алмашылганын кошумчалады.

УКМК төрагасы чыр чыгып келген Головной тилкеси боюнча да маалымат берип, андагы үч люктун 1,5ы - үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо өлчөмдөгү жер тилкеси 1,5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнүн айтты.

Парламентте айтылгандай, Кыргызстандын Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макам алып, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдалана ала тургандай болууда.

21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.

Анда үч документ - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, эки мамлекет ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынган.

Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюшу керек.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.(TAb/КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG