Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Бишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөргө айып салынууда


Жол кире төлөбөгөндөргө айып жазуу учуру. Бишкек. 26-февраль, 2025-жыл.
Жол кире төлөбөгөндөргө айып жазуу учуру. Бишкек. 26-февраль, 2025-жыл.

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто - автобуста жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр аныкталып, аларга айып пул салынууда. Буга байланыштуу мэриянын алдындагы Транспорт департаментинин, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын, Бишкек шаардык милициясынын жана "Тулпар" картасы боюнча ишкананын адистери биргелешкен рейддерди өткөрүп жатышат.

Мэриянын маалыматына караганда, рейд учурунда адистер жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөнүн текшерип, бекер кетип бараткан жүргүнчүлөргө айып пул салууда.

Айып пул "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 199-беренесинин 8-бөлүмү ("Муниципалдык коомдук транспортто жол кире жана жүктүн акысын төлөбөө, ошондой эле шаардык коомдук транспортту колдонуу эрежелерин бузуу") боюнча 1000 сомду түзөт (10 эсептик көрсөткүч).

Бишкек мэриясы коомдук транспортту колдонуучулардан жол кирени накталай эмес – карта же QR код аркылуу төлөөнү өтүнүп, накталай төлөгөн учурда автобустун айдоочусунан сөзсүз түрдө талон алууга чакырды.

Борбордо каттамга күнүгө 1200 автобус чыгып жатат. Ушул тапта жол кире автобуста “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруттук кичи автобуста 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу былтыр январь айында көтөрүлгөн.

Мэрия электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга элди кызыктыруу үчүн 2024-жылы октябрь айында коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө 40 сомго көтөрүү сунушун берип, сынга кабылган.

Борбор калаада жүргүнчүлөрдү мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине караштуу “Бишкек шаардык транспорт”, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” жана “Бишкек троллейбус башкармалыгы” ташыйт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG