Түркиянын Стамбул шаарында АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды.
Reuters агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө таянып "күн тартибинде кадр маселелери, виза, дипломатиялык банк операциялары жана башка уюштуруу маселелери бардыгын" жазды. Бул жолку жолугушууда Украина боюнча талкуу болбойт, ошондой эле саясат жана коопсуздук маселелери каралбайт.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Стамбулдагы сүйлөшүүдө Москва менен Вашингтондогу элчиликтердин иши талкууланарын тактаган. Андан тышкары, анын сөзүнө караганда, Орусиянын Нью-Йорк менен Хьюстондогу консулдуктарынын ишмердүүлүгү тууралуу дагы сөз болот.
Лавров ошондой эле талкууга "жогорку деңгээлдеги дипломаттар жана эксперттер" катышарын айтты.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөрдө АКШ делегациясын мамлекеттик катчынын орун басары Соната Коултер, ал эми Орусиянын делегациясын ТИМдин Түндүк Атлантика департаментинин директору Александр Дарчиев жетектейт.
Дипломатиялык алакаларды жөнгө келтирип, элчиликтердин кыскартылган кызматкерлеринин санын кайра калыбына келтирүү боюнча алгач 18-февралда Эр-Риядда өткөн эки тараптуу жолугушууда сөз болгон.
2016-жылдан бери эки тарап бири-биринин жүздөгөн дипломаттарын чыгарып салган.
Шерине