Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусунун Аманбаев айылдык кеңешинин спикери Н.У.М. жана администратор Э.А.М. жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалганын 27-февралда кабарлады.
Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, "Күркүрөө" дыйкан чарбасын банкротко чыгаруу менен 46 жер тилкеси, анын ичинде Аманбаев айылдык кеңешинин спикерине жана анын жакын адамдарына 12 жер тилкеси мыйзамсыз берилгени аныкталган.
"Жер тилкелери иш жүзүндө "Күркүрөө" дыйкан чарбасынын балансында болгон эмес, ал эми айрымдары токой тилкелери болгон, аларды тескөөнүн өзгөчө тартиби белгиленген", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Бул факт боюнча аталган адамдар кармалып, Талас милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка да тиешеси бар адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган иштер уланып жатканы кабарланды.
Ушул айдын башында УКМК Чүйдө мыйзамсыз жер сатууга шектүү топ кармалганын билдирген. Аталган топ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуп, алардын атына жер тилкелерин фиктивдүү негизде каттатканы да аныкталганы маалымдалган.
Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары атайын кызматтын маалыматы боюнча комментарий бере элек. (КЕ)
Шерине