Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кардиохирургия институтундагы өрткө байланыштуу 9 дарыгер убактылуу иштебей турат


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. Кырсык болгон күндүн эртеси тартылган сүрөт.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. Кырсык болгон күндүн эртеси тартылган сүрөт.

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрткө байланыштуу 9 дарыгер убактылуу иштебей турат. Бул тууралуу 27-февралда аталган институттун директору Самидин Шабралиев "Азаттыкка" билдирди.

Алардын экөө чоңдор кардиологу, экөө эхокардиографист, экөө кардиохирург, бири реаниматолог, бири лаборант жана дагы бири фармаколог. Шабралиевдин айтымында, өзгөчө кырдаалга байланыштуу иштебей жаткандарга айлык маянасынын 70% төлөнүп берилет.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ооруканадагы өрттөн кийин 25 дарыгер иштен алынганын парламенттин 27-февралдагы саламаттык сактоо тармагына байланыштуу мыйзамдын долбоору каралып жаткан жыйынында билдирген. Ал өлкөдө 5 миң дарыгер жетишпей турганын белгилеп, ушундай шартта 25 адисти иштен алуу туура эместигин айткан.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев дарыгерлер кызматтан алынбаганын, аталган институттагы кырдаалга байланыштуу жамааттын бир бөлүгү убактылуу иштебей турганын белгиледи.

Самидин Шабралиев өрткө байланыштуу ошол күнү нөөмөттө турган бир дарыгер гана иштен алынганын, учурда иш тергелип жатканын кошумчалады. Анын айтымында, кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону айтыла элек.

11-февралдын кечинде Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыгып, реанимацияда оор абалда жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм эвакуация учурунда каза тапкан. Институт Республикалык дартты аныктоо борборунун имаратына көчүрүлгөн.

Өрт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн мекеме аралык комиссия түзүлгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG