Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Сеул Түндүк Корея Орусияга кошумча миңдеген аскерлерди жөнөткөнүн билдирди


Түндүк кореялык аскерлер машыгуудан өтүп жатышат. 11-сентябрь, 2024-жыл.
Түндүк кореялык аскерлер машыгуудан өтүп жатышат. 11-сентябрь, 2024-жыл.

Түндүк Корея Орусияга дагы миңдеген жоокерлерин жөнөттү жана алардын айрымдарын Украина менен чектеш Курск аймагындагы фронт тилкесине жайгаштырды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Чалгын агенттиги 27-февралда билдирди.

Түштүк Кореянын YTN телеканалы чалгын булактарына таянып канча аскер жөнөтүлгөнү белгисиз экенин кабарлады. Ал эми JoongAng басылмасы Пхеньян быйыл жыл башынан бери Орусияга үч миңдей жоокерин жибергенин жазды.

Түштүк Кореянын жана Батыштын чалгын кызматтарынын маалыматына ылайык, өткөн жылы Орусияга болжол менен 11 миң түндүк кореялык аскер жөнөтүлгөн жана алар Украина тараптан Курск аймагына жасалган чабуулдарга каршы согушка катышкан.

Москва да, Пхеньян да бул маалыматты расмий түрдө ырастаган эмес.

Эки өлкө өткөн жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореяга барганда өз ара коргонуу чараларын камтыган келишимге кол койгон.

Айрым чалгын булактарынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Курскиге жайгаштырылган түндүк кореялык аскерлердин көпчүлүгү украин күчтөрү менен согушта чоң жоготууларга учурагандан кийин фронттон чыгарылган. Сеул ырастагандай, быйылкы январь айына карата 300дөй түндүк кореялык окко учкан, үч миңдейи жараат алган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 8-февралда Орусияны колдоону улантарын убада кылган.

Ошол эле күнү Украина президенти Владимир Зеленский Москванын "Түндүк Корея менен кызматташуусу мындан ары да кеңейерин" айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG