Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Бишкекте мектепте мушташкан балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


"Азаттыктын" коллажы. Иллюстрация.
"Азаттыктын" коллажы. Иллюстрация.

Бишкектеги №3 мектепте мушташкан балдардын ата-энелери менен милиция кызматкерлери жолугуп, тушүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ата-энелердин эч кимиси милицияга арыз жазган эмес. Балдардын жаңжалы тууралуу РИИБге аймактык жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектор 26-февралда маалымдаган. Факт РИИБде катталып, мектеп окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу болгон. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын өзүнөн жана ата-энелеринен ишеним каттар алынган.

Ата-энелер балдарынын жүрүм-турумуна көзөмөл кылууга сөз беришкен. Аларга ата-эненин бала тарбиясы үчүн жоопкерчилиги эскертилип, балдарды кароосуз калтырбоо зарылдыгы түшүндүрүлгөн.

"Ата-энелер балдарынын эмне менен алектенгенин, чөйрөсүн, мектептеги жана башка жактагы жүрүм-турумун көзөмөлдөөсүн өтүнөбүз. Аларга агрессиянын кесепетин түшүндүргүлө. Балдардын маанайындагы, кызыкчылыгындагы жана кыймыл-аракеттериндеги өзгөрүүлөргө сөзсүз көңүл бургула, андай учурлар байкалса, мугалимдерге, психологдорго жана укук коргоо кызматтарына кайрылгыла", - деп билдирди милиция,

25-февраль күнү Бишкектеги №3 мектептин коридорунда 9-класстын эки окуучусу мушташкан. Шаардык билим берүү департаменти буга чейин мектепте окуучулар жана мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдаган.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматында айтылгандай, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөрдүн эки мушташы катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн кийин суицидге барган балдардын жакындары алар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганын айтып чыгышкан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG