26-февралда Түп районунун ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Түп айылынын 2012-жылы туулган өспүрүм өз үйүнүн жанындагы уй сарайында асынып алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Милициянын маалыматында, 2012-жылы туулган бала 26-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында шпагат жипке асынып каза болгон.
"Окуя болгон жерден маркумдун жансыз денесин сырткы кароо учурунда, мойнундагы асылган жиптин изинен башка эч кандай жарааттар аныкталган эмес", - деп билдирди милиция.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатат.
Бул ушуну менен Кыргызстанда февраль айында өспүрүм өз жанын кыйган 6-учур.
22-февралда Ноокат районунун Бел айыл аймагында жашаган С.А. аттуу 12 жаштагы бала өз үйүнүн короосунда асынып каза тапканы жергиликтүү милицияга кабарланган.
21-февралда Каракол шаарындагы кароосуз имаратта 2008-жылы туулган өспүрүм асынып, каза болгон.
16-февралда Токмокто 16 жаштагы өспүрүм каза тапканы, анын асынган сөөгү уктоочу бөлмөдөн табылганы, бала мектепте "эң жакшы" баага окуганы, үлгүлүү жүрүм-турумда болгону айтылган.
5-февралда Ысык-Көл облусунда 18 жаштагы кыз жипке асынган абалда табылган, ал оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыз өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Кийинчерээк кыздын өлүмүнө шек саналып дене тарбия мугалими кармалганы кабарланган.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматында айтылгандай, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөрдүн эки мушташы катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
Ички иштер министрлиги 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн кийин суицидге барган балдардын жакындары алар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганын айтып чыгышкан. (ZKo)
Шерине