Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Жапаров Султанбековдун иши жашыруун болуп калганын түшүндүрдү


Садыр Жапаров жана Мунир Сатури. Бишкек. 26-февраль, 2025-жыл.
Садыр Жапаров жана Мунир Сатури. Бишкек. 26-февраль, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европа парламентинин делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда Европа парламентинин мүчөлөрү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, адам укуктарынын абалы тууралуу тынчсызданууларын айтышты.

Кыргызстанга сапарына бир күн калганда Социал-демократтар партиясынын абакта жаткан лидери Темирлан Султанбековдун ишине "жашыруун" грифи коюлуп калганына кабатырлыгын билдиришти.

Анда Жапаров бул ишке жашыруун грифи коюлуп калганынын себебин түшүндүрдү.

"Биз Евросоюз жана Социнтерн менен мамилебизди бузгубуз келбейт. Анткени Социнтерн каржылаган учурлар бар. Биздин ушул жергиликтүү жана Бишкек, Ош шаарында өткөн шайлоону каржылаган учурлар бар. Эгер анын ачыкка чыгарсак Социнтерн менен да, Евросоюз менен да мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн. Биз дагы аны каалабайбыз", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы "Социал-демократтар" партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун кылмыш ишине "жашыруун" грифи коюлганынан маалыматы жоктугун айтты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда криминал, коррупцияны тыюу менен кошо шайлоодогу добуш сатып алууларды тыюуга катуу киришкенин белгиледи. Ал өлкөдө буга чейинки бийлик алмашуулардын дээрлик баары - шайлоолордун акыйкатсыздыгына нааразылыктан улам ишке ашканын айтты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров аталган иш боюнча "айрым саясатчылардын ишмердигине байланышкан майда маселелер кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тоскоол болбошу керек" деп айтты.

Мунун алдында Европарламент комитетинин делегациясы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен да жолугушкан. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы Европарламенттин депутаттары өлкөдөгү адам укугуна, сөз эркиндигине байланышкан жагдайларга токтолушканын кабарлады.

Европарламенттин Адам укуктары комитетинин төрагасы Мунир Сатури жетектеген делегациясы Бишкекке 25-февралда келген. Европарламенттин депутаттары президент жана спикер менен жолугушканга чейин кыргызстандык активисттер жана журналисттер менен да баарлашкан.

Былтыр жыл аягында, декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана "Социал-демократтар" партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу резолюция кабыл алган. Документте өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Ошондой эле аталган уюм менен расмий Бишкектин ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Еврошаркеттин дооматтарын четке кагып, бул резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG