Американын Intuitive Machines компаниясы Айдан суу чыгаруучу "Афина" космостук аппаратын учурду.
Суу бургулоочу аппаратты SpaceX фирмасынын "Фалькон-9" кемеси 26-февралдан 27сине караган түндө учурулду.
Ракета Канаверал тумшугуна жайгашкан космодромдон учурулган учур НАСАнын YouTube-каналында түз көрсөтүлдү. Космостук агенттик жеке иликтөө миссиясы үчүн "Афинага" буюртма берген.
"Афина" 6-март күнү Айдын Түштүк уюлундагы Мутон тоосуна түшүрүлөт. Аппарат бургулоону жана Айдын кыртышынан суу жана көмүр кычкыл газын издөөчү масс-спектрометрди алып жүрөт. Кеменин бортунда аппараттан тышкары Nokia тарабынан түзүлгөн уюлдук база да бар.
"Афинадан" тышкары кеме менен НАСАнын Айдын картографиясын түзүүчү космостук аппаратын да учурулду, Бул аппарат спутниктеги түрдүү агрегаттардагы суу картасын түзүп, келечектеги суу миссиясы конуучу жайларды тандоого шарт түзөрү айтылды.
Шерине