Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

CPJ уюму Жогорку соттун Temirov Live журналисттери боюнча чечимин айыптады


Коллаж.
Коллаж.

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун журналисттеринин иши боюнча чыгарган чечимин айыптады. Уюм 25-февралдагы билдирүүсүндө кыргыз бийлигин журналисттерди бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырды.

"Жогорку сотто Temirov Live иликтөө каналынын журналисттерине карата чечими менен Кыргызстандын тарыхындагы сөз эркиндигинин одоно бузулушун оңдоого мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анын ордуна бул президент Садыр Жапаровдун авторитардык башкаруусун айгинелеп жатат", - деди CPJ уюмунун программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.

Уюм бийликти камактагы журналисттерди бошотууга жана Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго коюлган бардык айыптарды алып салууга чакырды.

25-февралда Жогорку соттун коллегиясы Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жана Temirov Live командасында фактчекер журналист болуп иштеген Айке Бейшекееванын иши боюнча арызды караган.

Адвокаттар алардын үчөөнүн тең күнөөсү жоктугун белгилеп, актоону өтүнүшкөн.

Прокурорлор журналисттерге тагылган айып соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен далилденгенин айтып, жазаны өзгөртпөөнү суранышкан.

Натыйжада Жогорку сот үч журналистке жаза чегерүү тууралуу Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган.

Айке Бейшекеевага үч жылдык пробациялык жаза чегерилген.

Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган. Ал эми Бейшекеева сыяктуу эле үч жылдык пробация мөөнөтү журналист Актилек Капаровго да чегерилген, бирок ал Жогорку сотко арызданбаганы белгилүү болду.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен козгогон.

Журналисттер айыпты четке кагып, камакка алуунун себептерин өз иликтөөлөрү менен байланыштырган.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндигин, адам укугун чектөө жок экенин билдирип келишет.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын былтыр 31-августта Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында айткан жана сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.

“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем”, - деген президент. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG