Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жогорку Кеңеште блогерлер боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште блогерлер боюнча мыйзамдык талаптарды күчөтүү керектиги айтылды. Маселени 25-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Карим Ханжеза көтөрүп, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна блогерликти да камтууну сунуштады.

Ал блогер кайсы бир адамдын аброюна шек келтирген окуялар болуп жатканын белгиледи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев блогерлердин жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешеси болбогону үчүн алардын жоопкерчилиги жаран катары башка мыйзамдарда каралганын билдирди. Ал блогерлер боюнча өзүнчө мыйзам долбоорун даярдоо муктаждыгы бышып жетилгенин, жакында бул багытта долбоордун бир канча варианты сунушталышы мүмкүн экенин айтты.

“Биз ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун жумуш тобу менен карап жатканда блогерлерди өзүнчө бөлөлү дедик. Анткени адискөй журналисттер менен блогерлерди аралаштырганда мыйзам өзүнүн маани-маңызын жоготуп коёт. Бүгүн жөнөкөй эле жаран чыгып, атактуу болуп кетсе, эки күндө 200 миң катталуучу чогултуп алышы мүмкүн. Аны эч кандай критерий менен журналисттин катарына кошо албайбыз. Журналист да, блогер да маалымат таратып жатпайбы деген суроо коюлууда. Журналисттерге мамлекеттик органдарда, чоң иш-чараларда, форумдарда, аккредитациядан өтүүдө бир катар укуктар берилет. Ошондуктан биз блогерлер боюнча талдап, өзүнчө иштеп чыгышыбыз керек”, - деди Тагаев.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков туура эмес маалымат тараткан жана жалган жалаа жапкан жаранга же юридикалык жакка айып пул салуу боюнча мыйзам жакында эле кабыл алынганын, мунун алкагында блогерлердин ишмердигин камтууга болорун кошумчалады.

Тармактык комитет жыйында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Документте Интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи вариантында кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылып, кайра иштеп чыгуу үчүн жумуш тобу түзүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG