Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Жогорку сот Temirov Live долбоорунун үч журналистинин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды


Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров Ленин райондук сотунда. (архив)
Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров Ленин райондук сотунда. (архив)

Бүгүн 25-февралда Жогорку соттун коллегиясы Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун ишин карады. Анда адвокаттар Нурсултан Жаныбеков менен Улан Сейитбековдун кассациялык даттануусу каралды.

Адвокаттар соттук коллегиядан журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун жана Айке Бейшекееванын күнөөсү жоктугун белгилеп, аларды актоону өтүнүштү.

Мамлекеттик айыптоо журналисттерге козголгон кылмыш ишиндеги кине соттук-лингвистикалык экспертизалардын жыйынтыгы менен далилденгенин айтып, алардын жазасын өзгөртпөөнү суранды.

Жогорку соттун коллегиясы кеңешүүдөн кийин үч журналисттин жазасы тууралуу Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.

Азамат Ишенбеков Бишкектеги ТИЗО-1 тергөө абагынан жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка, Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына жөнөтүлгөн.

Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.

Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт? айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист былтыр январь айында кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган.

Сот өкүмүндө күнөөлүү деп табылгандар “видеоматериалдарында бийликти жаманатты кылып”, “жапырт башаламандыкка кыйыр түрдө үндөгөнү” айтылган.

Соттолгондор өзүлөрү айыпты четке кагышкан.

Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (MKt/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG