Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 24-февралдагы сессиясында Орусиядан Украинадагы аскерлерин тез арада чыгарып кетүүнү талап кылган, Киев жана Европа мамлекеттери даярдаган резолюцияга АКШ каршы добуш берди.
Кошмо Штаттардын БУУдагы убактылуу өкүлү Дороти Ши бул документти жана Орусия сунуштаган дагы бир резолюцияны “согушту токтотуунун ордуна сөздөрүн кармашын көздөгөндүк" деп сындады.
Ошого карабастан бул резолюцияны Европа мамлекеттеринин көбү колдоп, документ 93 добуш менен кабыл алынды. Ал эми дагы 65 өлкө калыс калды. Добуш берүүдөн кармангандардын катарында Кыргызстан дагы бар.
АКШдан тышкары бул резолюцияга Орусия жана дагы 16 мамлекет каршы болду.
Бул мурунку добуш берүүлөргө караганда төмөн көрсөткүч. Буга чейин 140тан ашуун өлкө Орусиянын агрессиясын айыптап, Москвадан Украинанын төрт аймагындагы оккупациясын токтотууну талап кылган.
БУУдагы добуш берүү Орусиянын Украинага согуш ачканынын үч жылдыгына туш келди.
Ушул эле күнү Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ өзүнүн резолюциясын сунуштады. Анда согуш эки өлкө ортосундагы "жаңжал" катары сыпатталып, Украина менен Орусиянын ортосунда "узакка созулуучу тынчтыкты" орнотууга байланыштуу чакырык камтылган.
Улуттар уюмунун басма сөз кызматы жазгандай, Американын резолюциясы Евробиримдик сунуштаган өзгөртүүлөрдөн кийин 93 добуш менен жактырылды. Ага сегиз өлкө, анын ичинде Орусия каршылыгын билдирип, калгандары добуш берүүдөн карманышты.
Башкы ассамблея Орусия сунуштаган резолюциянын долбоорун колдогон жок.
193 мүчөсү бар БУУнун Башкы ассамблеясынын бул резолюциясынын юридикалык күчү жок. Бирок уюмдун жана ага мүчө болгон көпчүлүк мамлекеттердин пикирин чагылдыруучу көрсөткүч катары бааланат. (EzK)
Шерине