Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:40

"Азаттык" Украинадагы согушта набыт болгон кеминде 70 кыргызстандыкты аныктады


“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.

Арасында Орусияда иштеп жүрүп, акыркы жылдары орус паспортун алгандар бар. Каза тапкандардын эң кенжеси 19 жашта болгон. Эң улуусу 61 жашта.

Тизмедегилердин ичинен 18 адам Орусиядагы абактарда жазасын өтөп жаткан жеринен согушка кеткендер. Басымдуу бөлүгү согуш башталган биринчи жылы "ЧВК Вагнер" менен келишим түзүп кеткен. Арасында соңку жылдары Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимдин негизинде кеткендер да бар.

Айрымдары Изюм, Бахмут, Авдеевкадагы салгылашта каза болгон.

Ондон ашуун адам Орусияда аскердик кызматын өтөп жаткан жеринен согушка жиберилген.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары бул базаны Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасы түзгөн тизмеден жана ачык булактардан карап аныктады.

Бул Орусиянын Украинадагы согушунда үч жыл ичинде набыт кеткендердин толук саны болбошу мүмкүн.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушун баштаганына үч жылдын жүзү болду. Ошондон бери “Азаттык” бул урушка тартылган кыргызстандыктардын тагдырын утур чагылдырып келди. Кабарчылар Орусиянын түрмөлөрүндө борборазиялыктарды, анын ичинде кыргызстандыктарды кан күйгөн кармашка мажбурлаган окуялар, Украинада туткунга түшкөндөр, согуш учурунда дайынсыз болгон кыргызстандыктар тууралуу материалдарды жарыялап келишти.

Соңку бир жылдан ашык убакыт ичинде Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG