Reuters маалымат агенттиги АКШ 200дөй мигрантты убактылуу жайгаштыруу боюнча келишимдин алкагында Коста-Рикага мигранттарды депортация кылганын жазды.
Депортация болгондордун арасында Өзбекстандын, Кытайдын, Армениянын, Түркиянын, Ооганстандын, Орусиянын, Грузиянын, Вьетнамдын, Азербайжандын, Ирандын, Иорданиянын, Казакстандын жана Гананын жарандары бар.
Мигранттарды ташыган учак 20-февралда АКШнын Сан-Диего шаарынан Коста-Риканын борбору Сан-Хосе шаарына учуп кеткен. Алар автобус менен Панама менен чек арага жакын жердеги мигранттар баш калкалоочу жайга жеткирилди. Коста-Рикада аларга бир ай калууга уруксат берилет, бул убакыттын ичинде мигранттарга мекенине кетүүгө жардам көрсөтүлөт.
LaRepublica басылмасы биринчи рейс менен Коста-Рикага 135 адам келгенин, арасында Тажикстандын да жарандары бар экенин кабарлады.
Буга чейин New York Times жана Reuters Дональд Трамптын администрациясы Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаганын жазышкан.
Быйыл 20-январда АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден баштап мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортация күч алууда. Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.
Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жол менен гана барууну такай эскертет. (BTo)
Шерине