Президент Садыр Жапаров Kloop медиа порталынын жана Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темировдун Бишкектеги Barça академиясынын курулушу боюнча иликтөөсүнө жооп берди. Мамлекет башчынын кыска маеги 22-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине жарыяланды.
Анда президент “4-5 жылда ар бир айылда футбол аянтчалары болорун, андан сырткары облустардын, райондордун борборлорунда стадиондор салынып, бардык шарттар түзүлөрүн” айткан.
Журналисттин “Сөз болгон материалда курулуш иштерине сиздин жана УКМКнын төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экени, алар 1600 батирдин курулушуна аралашып жатканы айтылат. Ушул боюнча кандай комментарий бересиз?”, - деген суроосуна мындай деп жооп берген:
“Мейли ким болбосун курулушка катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объекттер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн өзү 20-30 жылда актайт. КЛООП курулушка катышам десе келсин. 3-4 блок берели курсун. Сөз берем. Бирок бир кирпич коёруна көзүм жетпейт. Сөз жүзүндө коммунизмди куруп коюшат. Иш жүзүндө колдорунан эч нерсе келбейт. Мындай сынчыларды акыркы 30 жылда элдин баары билип бүттү. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп алдыга карай кете берели”, - деген президент Barça академиясынын жанына курула турган элиталык турак жайга анын жана УКМКнын төрагасынын жакындарынын байланышын ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Kloop менен Болот Темировдун иликтөөсүндө Бишкекте Barça академиясынын долбооруна катышып жаткан 12 компания Министрлер кабинетинин буйругу менен нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулганы айтылат.
Андан тышкары ишканалардын көбү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары жана жакындары менен байланышта экени белгиленген. “Алардын арасында Камчыбек Ташиевдин инилери Толкунбек Каныбеков, Сыймык Тыныбеков, күйөө баласы Нурлан Шайдиллаев жана Садыр Жапаровдун ыктымал кайнагасы Ракатбек Асанбаев бар” экени камтылган.
Иликтөөдөгү маалыматка ылайык, “Жал Групп Азия” компаниясы Barça академиясынан тышкары Бишкекте көп функционалдуу “Барселона” турак жай комплексин да куруп жатат. Ал баш калаанын түштүк тарабында, тоонун этегиндеги 17 гектар жерге салынат. Комплекстин борборунда футбол академиясы болот. Аны 1600гө жакын элиталык батир, бала бакча, мектеп, мейманкана, бизнес-борбор жана башка курулуштар курчап турат.
Kloop ачык булактардагы маалыматтардан 17 гектар жер 2023-жылдын 21-августунда Бишкек мэриясына катталып, ошол эле күнү мэрия жерди Президенттин иш башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүп бергенин тактаган. Сентябрда башкармалык жерди “Жал Групп Азияга” ижарага берген. “Бирок ачык булактарга караганда, компания түзүлгөн күндөн бери мамлекеттик бюджетке ижара төлөмдөрүн төлөгөн эмес”, - деп айтылат иликтөөдө. (BTo)
Шерине