Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушу керек экенин айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин жолугушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 21-февралда Ак үйдө журналисттерге айтты.

“Биз миллиондогон адамдардын бейажал өлүмүн токтоткубуз келет. Менин оюмча тынчтык макулдашууга жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мен Орусия муну каалап жатканына ынанышым керек”, – деди ал.

Дональд Трамп андан тышкары АКШ Украина менен кен байлыктар боюнча макулдашууга кол коюуга жакын калганын кошумчалады.

Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда кендерди иштетүү боюнча келишимге токтолуп, адилет жыйынтык болоруна үмүт кыларын айтты.

Трамп Украинадагы согушка байланыштуу ушул аптада Украинанын да, Орусиянын да президенттери менен телефондон сүйлөштү. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG