Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:31

Кыргызстанда жети райондун акими кызматтан алынды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 21-февралда жети райондун акимин кызматтан алды.

Алар: Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Ноокат районунун акими Жакыпбек Субагожоев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-февралда өкмөттүк коллегияда Садыр Жапаровго ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жети райондун акимдерин жумуштан алуу сунушун берген.

Жыйында айрым министрлердин, алардын орун басарларынын иши сынга алынды.

Президент андан тышкары Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакуловго жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн сөгүш жарыялады.

Дагы бир тескемеси менен коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаевге сөгүш берди. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG