Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Жер кодекси: Президент Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин айтты


Садыр Жапаров. (архивдик сүрөт).
Садыр Жапаров. (архивдик сүрөт).

Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча соңку талкуу тууралуу пикирин билдирди.

Анда президент менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин билдирген.

"Эгер Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жерлери болсо, анда башка кеп. Аталган фонддун жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат. Адам саны тездик менен өсүүдө. Мисалы, биз бүгүнкү күндө өзүбүздү буудай менен камсыз кыла албай калдык. Керектөөнүн 60 пайызын чет өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Ошондуктан бир квадрат метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да. Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам", - деди ал.

Жапаров жеке менчик жерлер жергиликтүү бийлик тарабынан текшерилип турушу керектигин айтып, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырды.

20-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтып, президентке кайрылуу жазылган кагазга кол койгондон кийин тарашкан.

Талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын Жогорку Кеңеш 13-февралдагы отурумунда кабыл алган. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, 13 депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берген.

Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра текшерүүдөн (ревизиядан) өтүшү мүмкүн.

Айрым депутаттар жана коомчулук өкүлдөрү дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өкмөт андай коркунуч жок экенин билдирүүдө. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG