Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Украина: Орусия тарапта согушкан эки казак жараны каза тапты


Өскемен (Усть-Каменогорск) шаары.
Өскемен (Усть-Каменогорск) шаары.

Украинада Орусия тарапта согушкан Өскемен шаарынын эки тургуну каза болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка караганда, буга чейин мекеменин Чыгыш Казакстан облусу боюнча башкармалыгы аларга карата "Чет элдеги куралдуу кагылышууларга катышуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши шектүүлөрдүн өлүмүнө байланыштуу токтотулган.

"2024-жылы бул жарандар Орусия Федерациясына кетип, Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышууга катышып, Донецк облусунда алган жараатынан каза болушкан. Алардын сөөгү Өскемен шаарына жеткирилди. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алар кансырап каза болгон", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Согушка кеткендердин аты-жөнү, жашы, алардын каза болгон күнү айтыла элек.

Казакстанда чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандар мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Өлкөнүн Кылмыш кодексинде эки берене бар – “Жалданмачылык” жана “Чет элдеги куралдуу кагылышууларга катышуу”. Биринчисинде жети жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жана Казакстандын жарандыгынан ажыратуу, экинчисинде беш жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Буга чейин "Азаттыкка" украин өкмөтү орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борбор азиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлаган. Алардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30дан ашуун жараны бар. Алардын бири кыргыз, 21и казак, 18и тажик, 14ү өзбек улутундагылар экени айтылат. Арасында орус паспорту менен жүргөндөр да бар. Маселен, теги казак 21 туткундун алтоо гана Казакстандын жараны, калганы орус атуулдары.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG