Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Такси кызматы үчүн лицензия алуу мыйзамына кол коюлду


Бишкек шаары. (Архивдик сүрөт).
Бишкек шаары. (Архивдик сүрөт).

Президент Садыр Жапаров 20-февралда такси кызматына лицензия берүү боюнча өзгөртүү киргизилген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган. Тактап айтканда, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизилген. Бул долбоор бир нече жылдан бери артка кайтарылып келген.

Маалыматта мыйзам жол коопсуздугун жогорулатууга багыталганы айтылат.

Парламентте мыйзам талкууланып жаткан учурда ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов лицензия бир жылга берилерин, орточо баасы 500 сом болорун билдирген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамда жүргүнчү ташып, такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок бул талап 2009-жылы алынып калган.

Ушундан улам алар патент менен иштеп келатат. 2018-жылы такси кызматын көрсөткөндөр 69 миңден ашык, 2019-жылы 59 миң, ал эми 2023-жылы 28 миң гана патент алган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG