Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор парламент алдына чогулду


Парламент алдына чогулгандар. 20-февраль, 2025-жыл.
Парламент алдына чогулгандар. 20-февраль, 2025-жыл.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 20-февралда кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтышты.

Чогулгандардын бири Мария Абакирова эгер мыйзамга кол коюлуп, ал иштей баштаса Совет бийлиги учурунда мамлекет бөлүп берген жер тилкелеринин "кызыл китеби” жоюлушу мүмкүн экенин, кадастр аркылуу "каалаган жерди, каалаган кишиникин алып коюшарын", реновация деген да коркунуч жараларын айтты.

Милиция чогулгандарга ал жерде митинг өткөрүүгө болбой турганын түшүндүрдү. Алар президентке кайрылуу жазылган кагазга кол коюп, тарап кетишти.

Азырынча президенттик администрация бул боюнча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңеш 13-февралдагы отурумунда талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, 13 депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берген.

Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра ревизиядан өтүшү мүмкүн.

Айрым депутаттар жана коомчулук өкүлдөрү дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өкмөт андай коркунуч жок экенин билдирүүдө. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG