Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Сеул Түндүк Кореянын Украинада туткунга түшкөн аскерлерин кабыл алууга даяр экенин билдирди


Түндүк Кореянын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Түндүк Кореянын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Сеул Түндүк Кореянын Украинада туткундалган аскерлерин эгер алар кааласа, кабыл алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигине таянып Bloomberg агенттиги жазды.

"Конституцияга ылайык, түндүккореялык аскерлер биздин жарандарыбыз. Алардын эркиндигин сыйлоо эл аралык укукка жана салттарга туура келет", - деп айтылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бул сунуш Түндүк Кореянын Украинада туткунга түшкөн жоокери "Чосон ильбо" басылмасына Түштүк Кореядан башпаанек алууну каалаганын билдиргенден кийин айтылды. Макалада украиналык аткаминер бул Сеулдун көз карашына жараша болорун айтканы да жазылган.

Түштүк Корея өз көз карашын украиналык кесиптештерге маалымдаганын, түндүккореялык жоокерлерди "эркинен тышкары, алардын өмүрүнө коркунуч бар жакка жиберүүгө болбой турганын" белгилеген.

Жыл башында Киев Орусиянын Курск облусунда түндүккореялык эки жоокерди туткунга алганын маалымдаган. Жоокерлердин бири суракта "Орусияга согушка эмес, окууга барганын" айтканы кабарланган.

Кийинчерээк украин президенти Владимир Зеленский ал жоокерлерди Орусия туткунга алган украин аскерлерине айырбаштоо үчүн Түндүк Кореяга өткөрүп берүүгө даяр экенин айткан.

Батыштын чалгын кызматтары Орусияга Украинадагы согушка катышуу үчүн Түндүк Кореядан 10 миң чамалуу аскер барган болушу мүмкүн экенин жазышкан. Түштүк Кореянын чалгын кызматы, Украинанын жана Батыш өлкөлөрүнүн расмийлери маалыматты тастыкташкан. Москва менен Пхеньян жогорудагы кабарларды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG