Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Орусиянын соккусунан Одессада жүздөгөн турак жайлар жарыксыз калды


Орус армиясынын соккусунун кесепети. 19-февраль, 2025-жыл.
Орус армиясынын соккусунун кесепети. 19-февраль, 2025-жыл.

Орусиянын армиясы 19-февралга караган түнү Украинанын Одесса калаасына "Шахед" дрондору менен сокку урду. Шаарда бир топ жардыруулардын добушу угулуп, социалдык тармактарга айрым жерлерде өрт тутанганы тууралуу маалымат чыкты.

Одессанын мэри Геннадий Трухановдун айтымында, орус күчтөрү шаардын калк жыш жайгашкан райондоруна жапырт сокку урду. Жыйынтыгында 14 мектеп жана 13 бала бакча электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калды.

Андан тышкары 500дөй көп кабаттуу үй жайгашкан кичи райондо жарык толук өчтү.

Труханов кошумчалагандай, балдар бейтапканасы жана бала бакчанын имаратына зыян келтирилди. Одесса мэри бир киши жараат алганын билдирди.

Калаада адамдар жылына турган жайлар ачылды.

Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, орус аскерлери 19-февралга караган түнү жалпы 167 дрон жана "Искандер" баллистикалык ракеталары менен сокку урду. Дрондордун 100дөн көбү атып түшүрүлдү.

Орусиянын армиясы бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет. Ал эми жайкын тургундардын жабыркашын Украинанын абадан коргонуу системасынан көрөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG