Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө коомдук талкууга чыккан жаңы мыйзам боюнча айтылып жаткан ар кандай пикирлерге байланыштуу комментарий берди. Спикер 19-февралдагы жалпы жыйында мыйзам долбоору президент менен макулдашылганын айтып, кезексиз шайлоо өтпөй турганын белгиледи.
“Бир катар биздин депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Президентибиз менен дагы макулдаштык. Элге татыктуу мыйзамды кабыл алабыз деп үмүттөнөм. Ошону менен катар коомчулукта сөз болуп жатат, “күзүндө шайлоо болот экен, парламент тарайт экен” деген. Бул куру сөз. Эч кандай шайлоо мөөнөтүнөн мурда болбойт. Муну баса белгилеп айтып койсом. Парламенттик жана президенттик шайлоо дагы өз убагында өтөт”, - деди Тургунбек уулу.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Сунушталган долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат.
Талапкерлер бирдей добуш алган учурда документтердин толук топтомун эрте берген талапкер жеңди деп эсептелет. Документке ылайык, аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алганы шайланды деп таанылат.
Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.
2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум аркылуу президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кыйла азайган.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизмеде пропорционалдык тутум менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланган. (TSh)
Шерине