ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму 22-февралда дагы алты туткунду бошотушу мүмкүн. Бул тууралуу уюмдун Газадагы лидери Халиль аль-Хайя 18-февралдагы телекайрылуусунда айтканын Reuters агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, алардын арасында уюмдун барымтасында он жылдан ашуун убакыттан бери кармалып келген Авраам Менгисту жана Хишам ас-Саид дагы бар.
Андан тышкары 20-февралда туткундагы төрт адамдын сөөгү Израил тарапка өткөрүлүп берилет.
Бул үчүн ХАМАС радикал уюму Израилден Газага оор техника жүктөлгөн кербендерди өткөрүүгө уруксат берүүнү жана топтун камактагы 47 мүчөсүн бошотууну талап кылды.
Өткөн ишембиде (15-февраль) туткундагы үч адамды бошоткон. Бул үчүн Израил түрмөлөрүндөгү 369 киши кое берилген. Алардын арасында израилдиктерге каршы теракттарга катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандар дагы бар эле.
15-янаврда Израил менен ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашууга жетишкен. Келишимдин 42 күнгө созулган биринчи баскычында Израил өз армиясын Газадан чыгара баштамак, ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алгандардын 33үн бошотмок. Маалыматка караганда алардын сегизи өлгөн болгон болушу ыктымал. Израилге алардын сөөгү өткөрүлүп берилери кабарланган.
ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салганда 1200дей кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил радикал уюмдан өч алуу максатында Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун ичинде Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы 45 миңден киши каза болгонун кабарлаган.
Шерине