Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Эр-Рияд: АКШ-Орусия делегацияларынын алгачкы жолугушуусу аяктады


Сауд Арабиясында өткөн АКШ-Орусия сүйлөшүүсүнө катышкан делегацияларынын мүчөлөрү. 18-февраль, 2025-жыл. Эр-Рияд.
Сауд Арабиясында өткөн АКШ-Орусия сүйлөшүүсүнө катышкан делегацияларынын мүчөлөрү. 18-февраль, 2025-жыл. Эр-Рияд.

18-февралда Сауд Арабиясынын баш калаасы Эр-Риядда АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы болжол менен үч жарым саатка созулду, андан кийин делегация мүчөлөрү "түшкү тамакка" жөнөштү. Жалпысынан эки тараптын талкуусу төрт жарым саатка созулду.

Делегацияларды эки өлкөнүн башкы дипломаттары – АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектеди. Америкалык делегациянын курамына улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц жана президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф кирди.

Москванын делегациясында президент Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев болду.

Ушаков жолугушуу "жаман өткөн жок" деп сыпаттап, тараптар бардык маселелер боюнча олуттуу сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн билдирди. АКШ менен Орусия президенттеринин алдыдагы жолугушуусуна даярдык маселеси козголгону менен анын так датасы белгиленген жок. Ушаков Москва менен Вашингтондун алакалары жакын арада жакшырат деп айтууга азырынча эрте экенин, бирок бул тууралуу сүйлөшүү болгонун кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио алдыда чоң иштер бар экенин белгилеп, жолугушуу "узак жана татаал жолдогу биринчи кадам" болгонун айтты. Рубио кошумчалагандай, Евробиримдик жана Украина кийинки сүйлөшүү процесстерина катышат. Мамкатчы сүйлөшүүлөрдө Москва менен Вашингтондогу элчиликтердин ишин калыбына келтирүү жөнүндө да макулдашуу болгонун белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы жалпы геосаясий кызыкчылыктар жана согуш бүткөндөн кийинки экономикалык байланыштар талкууланганы белгиленет.

Мамдепартаменттин өкүлү Тэмми Брюс Украинадагы тынчтыкты орнотуу маселесин талкуулай турган топтор түзүлөрүн ырастады. Бирок ал согушту бир эле жолугушуу менен токтотуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ өкүлдөрү менен сүйлөшүү пайдалуу болгонун, тараптар "бири-бирин угуп эле койбостон, түшүнүшкөнүн" баса белгиледи.

Украина бул жолугушууга чакырылган эмес. АКШнын өкүлдөрү бул сүйлөшүүнү "алгачкы байланыш" деп, анын максаты Орусиянын согушту тынчтык жолу менен бүтүрүү ниетинин олуттуулугун түшүнүү экенин белгилешкен. Ал эми Кремль бул сүйлөшүү Орусия менен АКШнын "бардык мамилелерин камтышы керек" деген позицияны карманат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушууга чакырылган күндө да бармак эместигин айтты, анткени Киев анын даярдоого катышкан эмес.

Анын айтымында, Украина Киевдин катышуусуз кабыл алынган эч бир келишимди кабыл албайт. Евробиримдик да ушул эле көз карашты карманат.

АКШнын президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Киевдин катышуусуз өлкөнүн тагдырын чечүү боюнча эч кандай чечим кабыл алынбай турганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG