Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Иранда кармалган британ түгөйлөргө тыңчылык боюнча айып тагылды


Тегеранда кармалган британиялык түгөйлөр Крейг жана Линдси Форман.
Тегеранда кармалган британиялык түгөйлөр Крейг жана Линдси Форман.

Тегеранда кармалган британиялык Крейг жана Линдси Форманга тыңчылык боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Ирандагы сот бийлигинин өкүлү Асгар Жахангир 18-февралда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, түгөйлөр Иранга “турист сыяктуу кирип, өлкөнүн бир нече аймагында чалгын маалыматтарын топтоп жүргөн”.

Крейг жана Линдси Форманды өлкө түштүгүндөгү Керман провинциясында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлдөрү кармап кетишкен.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги түгөйлөр 13-февралда кармалганын ырастады.

Линдсинин социалдык тармактардагы маалыматтарына караганда, түгөйлөр дүйнө жүзүн мотоцикл менен кыдырып жүрүшкөн. Алар акыры Австралияга барышмак.

Британ маалымат каражаттары жазгандай, Крейг менен Линдси Иранга 30-декабрда Армения аркылуу киришкен. Беш күндөн кийин Пакистан чек арасы аркылуу чыгып кетүүнү пландап жатышкан. Алар Керманга жеткиче Тебриз, Тегеран, Исфахан шаарларындагы мейманканаларга токтошкон.

Керман провинциясынын башкы судьясы Эбрагим Хамидинин айтымында, “түгөйлөр чалгын кызматтарына катыштыгы бар бир нече институттар менен байланышта экени маалым болду”.

Британиянын тышкы иштер министрлиги бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Укук коргоо уюмдары Иранды "чет элдиктерди туткунга алуу дипломатиясы" үчүн сындап келишет. Адатта расмий Тегеран чет элдиктерди жана кош жарандыгы барларды кармап, Батышка басым көрсөтүү үчүн колдонуп жүрөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG