Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Болот Темиров абактагы жубайынын өмүрү коркунучта экенин жазды, ЖАК комментарий бере элек


Алты жылга абакка кесилген Махабат Тажибек кызы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда, 17-ноябрь, 2024-жыл
Алты жылга абакка кесилген Махабат Тажибек кызы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда, 17-ноябрь, 2024-жыл

Чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жазасын өтөп жаткан жубайы, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин жазды.

Темиров бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жубайынын абактан жазган делген катын сүрөтү менен чогуу жарыялады. Катта Махабат Тажибек кызы абакта аны менен чогуу отурган аял "өлтүрөм", "ууландырам" деп коркутканын жазган.

Темиров "Азаттыкка" Махабаттан катты жакында алганын, андан бери адвокаты аны менен жолугуша электигин айтты. Ал Жаза аткаруу кызматына, Акыйкатчыга, бийлик башчыларына кайрылуу даярдалып жатканын кошумчалады.

"Азаттык" радиосу абактагы Махабат Тажибек кызынын коопсуздугу боюнча Жаза аткаруу кызматына кайрылды, бирок азырынча жооп ала элек.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаар соту аны күчүндө калтырган. Ошондон кийин Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына жөнөтүлгөн.

Аялдар абагында Фейсбукка жазгандары үчүн айыпталып, эркинен ажыратылган дагы эки активист Каныкей Аранова менен Зарина Төрөкулова да 2024-жылдан бери жаза өтөшөт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG