Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

Сауд Арабияда АКШ менен Орусия делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды


АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров баштаган делегациялар. Талкууга Саудиянын тышкы иштер жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси катышууда. Эр-Рияд. 18-февраль, 2025-жыл.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров баштаган делегациялар. Талкууга Саудиянын тышкы иштер жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси катышууда. Эр-Рияд. 18-февраль, 2025-жыл.

Сауд Арабиясында АКШ менен Орусиянын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 12:30 чамасында Эр-Риядда башталды.

Жолугушууга АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стив Уиткофф катышууда.

Орусия тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев бар.

CNN телеканалына берген маегинде Кирилл Дмитриев АКШнын президенти Дональд Трамптын айрым команда мүчөлөрү менен мурда жолукканын билдирген, бирок качан жана кайда экенин тактаган эмес.

Ал ошондой эле Трамп "дүйнөлүк маанидеги көптөгөн маселелерди активдүү чечип жатканын", алдыда "позитивдүү талкуу" болоруна, АКШ менен Орусиянын алакасы жакшырарына үмүттөнөрүн белгилеген.

Бул эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Украина катышкан жок. Мурда NBC News телеканалы америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме берип, АКШ адегенде Орусия менен жолугуп, андан кийин Украина менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, андан кийин биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатканын жазган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 17-февралда Абу-Дабидеги маалымат жыйында журналисттерге билдиргендей, Киев Сауд Арабиясындагы жолугушуулар тууралуу алдын ала кабардар болгон эмес.

Ал ошондой эле Киев "АКШ менен Орусиянын Украинанын маселеси боюнча кабыл алган чечимин эч качан кабыл албастыгын" кошумчалады.

АКШ өкүлдөрү буга чейин бул сүйлөшүүлөрдү "Орусиянын согушту тынчтык жолу менен бүтүрүүгө олуттуу ниети бар-жогун түшүнүү үчүн баштапкы байланыш" катары мүнөздөшкөн.

Кремль болсо сүйлөшүүлөр "биринчи кезекте орус-америка алакасынын толук калыбына келишине" арналганын жана "Украина маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү даярдоо, ошондой эле эки президенттин жолугушуусун уюштуруу" да караларын белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG