Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:30

Абактагы Темирлан Султанбеков ачкачылыгын токтотконун билдирди


Темирлан Султанбеков сотто. Бишкек. 29-январь, 2025-жыл.
Темирлан Султанбеков сотто. Бишкек. 29-январь, 2025-жыл.

"Социал-демократтар" партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков дээрлик 100 күндөн бери кармап жаткан ачкачылык акциясын убактылуу токтотту. Мындай маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катында ал магниттик-резонанстык томографиядан өткөндөн кийин бир катар оорулар аныкталганын жана аны дарылоо керектигин, ачкачылыгын токтотууга 1-марттан тарта Орозо кармай турганы да себеп болгонун айткан.

Орозо бүткөндөн кийин ачкачылыгын уланта турганын билдирген.

"Тилекке каршы бизде башка жол жок", - деп жазган.

26 жаштагы Темирлан Султанбеков 13-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган күндөн тартып, нааразылык катары саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары анын саламаттыгы начарлап бара жатканын айтышып, бийлик башындагылардан аны бошотууну суранышкан.

8-февралда Свердлов райондук сотуна бөгөт чарасын узартуу каралып жаткан чакта Султанбеков өзүн жоготуп жыгылганы кабарланган.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган. Алар өздөрү мунун артында "саясий максат" турганын айтып, айыптоолорду четке кагып келишет.

Аларга Бишкек шаардык кеңешине шайлоону утурлай Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон жана көп өтпөй СД партиясы шайлоодон четтетилген. Камактагы мөөнөттөрү улам узартылып жатат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG