Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Марко Рубио Орусия менен сүйлөшүүлөрдү утурлай Сауд Арабиясына барды


АКШнын мамкатчысы Марко Рубио Сауд Арабиясына учар алдында. Израил. 16-февраль, 2025-жыл.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио Сауд Арабиясына учар алдында. Израил. 16-февраль, 2025-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусия менен сүйлөшүүлөрдү утурлай Сауд Арабиясына барды. Ал Украинадагы согушту токтотуу боюнча талкууларда америкалык делегацияны жетектей турганы күтүлүүдө.

"Ассошийетед пресс" жана Axios агенттиктери атын атагысы келбеген аткаминерлерге шилтеме жасап, Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөргө АКШ тараптан Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц жана атайын өкүл Стив Виткофф да катышарын жазышты. Орусиянын делегациясынын курамы азырынча белгисиз. "Коммерсантъ" гезитинин маалыматына ылайык, Москвада тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Сауд Арабиясына сапарына даярык көрүлүүдө. Басылма кабарлагандай, сүйлөшүүлөр 18-февралга белгиленген.

Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүлөргө Украина тарап чакырылабы же жокпу, белгисиз. Буга чейин Трамп Киев катышарын айткан. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Эр-Риядга украиналык делегация дагы барганын жазышты.

Жекшембиде (16-февраль) CBS телеканалына берген маегинде Рубио Украинадагы согушту токтотуу боюнча кеңири сүйлөшүүлөргө шарт түзүүгө аракет кылып жатканын айтты. Ал бул жараянга Украина жана АКШнын союздаштары да катышуусу керектигин белгиледи.

Мамлекеттик катчы согушту бир эле сүйлөшүү же телефон чалуу менен токтотууга мүмкүн эместигин, бирок АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бул маселени чечүүгө жөндөмдүү экенине ишенерин билдирди.

"Өткөн жумада президент Трамп Владимир Путин (Орусиянын президенти) менен сүйлөштү. Бул маекте Путин тынчтыкка кызыкдарлыгын билдирди, ал эми АКШ президенти бул жаңжал Украина суверенитетин коргоо менен бекем жана туруктуу тынчтыкка алып келиши керектигин белгиледи. Бул маанилүү сүйлөшүү болду. Эми, албетте, мындан аркы кадамдар жасалышы керек", – деген Рубио.

Рубио Сауд Арабиясындагы сапары маалында Газа тилкесиндеги жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселесин да талкуулайт деп күтүлүүдө. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Трамптын Газанын жашоочуларын башка араб өлкөлөрүнө көчүрүү боюнча сунушу да бар.

Буга чейин Сауд Арабиясы жана башка араб өлкөлөрү палестиндерди көчүрүү тууралуу кандай гана план болбосун четке кагышкан. Рубио Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG