Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:46

Bloomberg: Путин менен Трамптын жолугушуусу февралдын аягында өтүшү мүмкүн


Дональд Трамп (солдо) жана Владимир Путин. 2018-жыл.
Дональд Трамп (солдо) жана Владимир Путин. 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин жолугушуусу февралдын аягына чейин Сауд Арабиясында өтүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги ишембиде өз булактарына таянып жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, келерки жумада Сауд Арабиясында эки өлкө бийликтеринин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жолугушуп, президенттердин жолугушуусуна даярдык көрүшөт. Трамп менен Путин жолугушуусунун башкы темасы Украинадагы согуш болмокчу.

Сауд Арабиясында АКШ жана Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу тууралуу мурдараак Трамп ишарат кылган. Ал жолугушууга Украинадан да өкүлдөр катышарын айткан.

Bloomberg жазгандай, Киев азырынча сүйлөшүүлөргө даярдыктар тууралуу кабарсыз. Европа өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү да мындан маалыматы жок.

Ак үй менен Кремль азырынча агенттиктин маалыматына комментарий бере элек. Бирок АКШдагы Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Майкл Маккол келерки жумада америкалык делегация Сауд Арабиясына Орусия жана Украина расмийлери менен сүйлөшүүгө жана Трамп-Путин жолугушуусуна даярдык көрүүгө барарын айтканын Reuters жазды.

Агенттик ошондой эле Сауд Арабия бийлиги тараптардын Эр-Рияддагы жолугушуусуна уруксат бергенин жана ага даярдык көрүлүп жатканын билдирди.

Маалыматтарга ылайык, америкалык делегациянын курамына президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц, атайын чабарманы Стив Уиткофф кириши күтүлүүдө. Politico басылмасы курамда конгрессмен Маккол менен мамлекеттик катчы Марко Рубио да болорун жазды.

Bloomberg ошол эле учурда орусиялык делегациянын курамында Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков, тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин жана Путиндин башкы финансисти Кирилл Дмитриев болорун маалымдады. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү Трамп менен Путиндин жолугушуусун мусулмандардын ыйык Рамазан айына чейинки убакка макулдашууга аракеттенип жатышат. Рамазан быйыл март айынын башында башталат.

Евробиримдик жана Украина Трамп менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн жана алардын Украинадагы согушка байланыштуу жолугушуусуна даярдыктар тууралуу маалыматтардан улам, АКШ менен Орусия Украинага пайдасы болбогон "тез келишим" түзүп алуусунан кооптонууда. Украин президенти Владимир Зеленский "Украина эч качан артыбыздан, биздин катышыбыз жок түзүлгөн келишимди кабыл албайт" деп белгиледи. Трамптын атайын чабарманы Кит Келлог ишембиде Украина сүйлөшүү үстөлүндө сөзсүз болушу керектигин билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG