Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 13-февралда кармаган Фархад Баабиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Батырбек Шамбетов маалымдады.
Адвокаттын сөзүнө караганда, Баабиевдин бөгөт чарасы 14-февралда Биринчи май райондук сотунда каралып, 13-апрелге чейин камакка алуу чечими чыкты. Сот УКМКнын тергөө абагында орун жоктугуна байланыштуу аны Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1 тергөө абагы) камоону чечим кылды.
46 жаштагы Фархад Баабиев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча шек саналгандардын бири. Аны 13-февралда Биринчи май райондук сотунда аталган окуя боюнча процесс жүрүп жаткан күнү, тыныгуу учурунда УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Ошол эле күнү ал суракка алынган.
Фархад Баабиевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен кылмыш иши козголгон.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев кармалганын УКМКнын маалымат борбору да журналисттерге ырастаган, бирок толук маалымат бере элек.
Буга чейин Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү Жанна Самышева Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) бир нече жолу суракка чакырылган.
Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен иш козголгон.
Свердлов райондук соту 8-февралда Султанбековдун, Карамушкинанын жана Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узарткан.
Темирлан Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Ал өзүнө каршы дооматтардын баарын четке кагып, саясий ачкачылыгын "мыйзамсыз иштерге каршылык" деп түшүндүргөн. Ошондон бери анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылган. Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.
Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп билдиришкен.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, уюмдар Султанбеков менен анын партиялаштарын бошотуу тууралуу бийликке кайрылып келет. (ZKo)
Шерине