Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Мүнхенде Владимир Зеленский менен Жей Ди Вэнстин жолугушуусу өттү


Украина жана АКШ делегациялары сүйлөшүү алдында. Мүнхен, Германия. 14-февраль, 2025-жыл.
Украина жана АКШ делегациялары сүйлөшүү алдында. Мүнхен, Германия. 14-февраль, 2025-жыл.

14-февралда Мүнхенде ачылган коопсуздук конференциясынын алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жолугушту.

Эртең мененкиге пландалган сүйлөшүүлөр АКШ тараптын Вашингтон өнөктөштүк меморандумунун тексти менен таанышып чыгуусуна убакыт сураган өтүнүчү менен кечкиге жылдырылды.

Жолугушуу бир саатка жеткен жок. Аягында Вэнс сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун айтты:

"Биз согуштун аякташын, өлүмдөр токтошун каалайбыз. Бирок биз Европада бир нече жылдан кийин кайрадан чыр-чатакты эмес, уланып кетүүчү тынчтыкты каалайбыз", - деген Вэнстин сөзүн "РБК-Украина" басылмасы цитата келтирип жазды.

Вэнс ошондой эле жакынкы күндөрү, жумаларда жана айларда АКШ менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн көптөгөн баскычтары турганын белгилеп, анын жүрүшүндө тараптар түбөлүк тынчтыкка жетүү үчүн бир чечимге келишерине үмүтүн билдирди.

Зеленский "Путинди токтотуу жана согушту бүтүрүү" каалоосун бекемдеп айтты. Ал өзүнүн Телеграмдагы баракчасында жазгандай, жолугушууга Вэнстен тышкары АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана атайын чабарман Кит Келлог да катышкан.

"Биздин командалар документ боюнча иштөөнү улантып жатышат", - деген украин президенти Келлогдун Киевге сапарын күтүп жатканын билдирди.

Бул Украинанын президентинин АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен алгачкы жолугушуусу болду.

Вэнс - Ак үйдүн Мүнхендеги конференцияга катышып жаткан эң жогорку өкүлү.

Мүнхен коопсуздук конференциясы бул шаарда 1963-жылдын февраль айынан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат.

Шерине

XS
SM
MD
LG