Мүнхен коопсуздук конференциясынын жетекчиси Кристоф Хойсген Бавариянын борборунда 14-февралда башталган эл аралык форумга катыша турган кайсы бир орусиялык делегация тууралуу кабары жоктугун айтты.
Бир күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Мүнхенде орусиялык расмий өкүлдөрдүн катышуусунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүлүшү мүмкүн экенин айткан. Трамп делегация мүчөлөрүн тактаган эмес, бирок ал "Орусиядан, Украинадан жана АКШдан келген жогорку даражалуу адамдар болот" деп белгилеген.
Кристоф Хойсген ARD коомдук телеканалына курган маегинде:
"Бизде Мүнхенге орус өкмөтү колдогон кайсы бир өкүлдөр келатканы тууралуу кабар жок", - деди.
Ал ошондой эле конференцияга катышуу үчүн орус тараптан эч кимге виза берилбегенин жана андай өтүнүч да болбогонун белгиледи.
Трамптын Украина менен Орусиянын делегацияларынын Мүнхендеги сүйлөшүүлөрү тууралуу сөздөрү Киевде төгүндөлгөн. Украин президентинин кеңешчиси Дмитрий Литвин АКШ, Европа жана Украина Москва менен сүйлөшкөнгө чейин бирдиктүү позицияга муктаж экенин айткан.
Жума күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова да орус расмийлери Мүнхен конференциясына катышпай турганын билдирди.
"Мен муну так айта алам", - деди Захарова брифингде.
Коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусу күтүлүп жатат.
Мүнхен коопсуздук конференциясы - 1963-жылдын февраль айынан бери Мүнхенде өткөрүлүп келе жаткан жылдык эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат. (AiA)
Шерине