Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

Соттор кеңеши эки судьяны жоопкерчиликке тартууга уруксат берди


"Азаттыктын" коллажы.
"Азаттыктын" коллажы.

Судьялар кеңеши 13-февралда башкы прокурордун Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясын (А.М.А.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Мекеменин маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Пара алуу” беренелери менен айып коюлууда. Ал сотту кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго сунуш киргизилди.

Айрым сайттар Ленин райондук сотунун судьясы Мирзат Авазов кармалганын жазышты. Анын аты-жөнү Соттор кеңешинин сайтындагы инициалга туура келет.

Судьялар кеңеши ушул эле күнү башкы прокурордун Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясын да (Ж.Н.Б.) жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү өтүнүчүн да карап, канааттандырды. Райондук соттун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кине тагылды. Президентке аны да кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу сунуш берилди.

Жогорку сот жана сөз болуп жаткан судьялардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев 14-февралда Кыргызстанда 2023-2024-жылдары сегиз судья кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айткан.

Жемкорлукту алдын алуу боюнча жыйында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев судьяларды мыйзамдуу, негиздүү жана адилет чечим чыгарууга, коррупцияга малынбай, таза болууга чакырган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG