Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Кабулда талибдердин мекемесине чабуулдан эки адам набыт болду


"Талибандын" курал көтөргөн аскери өткөрмө бекеттердин биринде отурат. Иллюстрациялык сүрөт.
"Талибандын" курал көтөргөн аскери өткөрмө бекеттердин биринде отурат. Иллюстрациялык сүрөт.

Кабулда "Талибандын" бийлигине караштуу Шаардык өнүктүрүү министрлигине жасалган жанкечти-террорчунун чабуулунан эки кишинин өмүрү кыйылып, үч адам жараат алды. Кол салгандардын бири жок кылынганын бийлик билдирди.

"Жанкечти-террорчу министрликтин кире беришинде жок кылынды", - деди Шаардык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Мохаммад Камал Афган.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна эч бир топ ала элек. Эки күн мурдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюму алган.

11-февралда Кундуз шаарындагы банктын жанында жанкечти өзүн-өзү жардырып, сегиз адамдын өмүрү кыйылган.

"Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюму билдирүү таратып, алар банктан айлык алып жаткан мамлекеттик кызматкерлерди бутага алганын кабарлаган.

Былтыр декабрда ушул эле террордук уюмдун чабуулунан талибдердин качкындар иштери боюнча министри Халил ур-Рахман Хаккани набыт болгон. 60 жаштагы Хаккани талибдер бийликке 2021-жылдын ортосунда келгенден бери өлтүрүлгөн алгачкы жогорку даражалуу аткаминер болуп калды.

"Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюму соңку кездери эл аралык деңгээлдеги чабуулдарды уюштуруп жүрөт. Былтыр ал АКШда, Иран жана Орусиянын аймагында болгон кол салуулар үчүн жоопкерчилик алган.

10-февралда өткөн Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынында топ глобалдык коопсуздукка коркунуч жарата турган уюм катары жарыяланды.

Талибдер үч жыл мурда Ооганстандын бийлигине келген кезде коопсуздукту камсыз кылууну убада кылганы менен байкоочулар алар "Ислам мамлекети" террордук уюмун түп тамырынан жок кыла албаганын белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG